АКШда жакында жасалма эттен даярдалган азык-түлүктөр сатыкка чыгат

АКШда жакында жасалма эттен даярдалган азык-түлүктөр сатыкка чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, америкалык "Just" компаниясы жасалма эттен азык-түлүктүн бир нече түрүн чыгаруу алдында турат. 2018-жылдын аягында аталган компания лабораторияда өстүрүлгөн эттен жасалган азык-түлүктөрдү чыгаруучу дүйнөдөгү эң алгачкы ишкана болуп аталмакчы.

"Саналуу айлардын ичинде биздин лабораторияда иштеп жаткан кызматкерлерибиз эттин даамын табигый эттикине окшоштуруу иштери менен алек болушат. Азырынча мындай эттерди иштеп чыгуу тууралуу маалыматтарды коомчулукка жарыялабай турууну туура көрдүк", - деп билдиришкен ишканадан.

Компания жасалма эттин жардамы менен колбаса, сосиска жана башка продукцияларды чыгарууну көздөшүүдө.

Жасалма эт - пайдалуу заттарга бай, адамга жана айлана-чөйрөгө эч кандай зыяны жок продукт катары белгилүү. Окумуштуулар жана жаныбарларды коргоочулар малдарды атайын эт кылуу максатында өстүрүү бул ырайымсыздык экендигин баса белгилеп, жасалма эттин сатыкта пайда болуусу көптөгөн маселелердин чечилишине себеп боло турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kymyzkyz
2018-02-22 11:34:08
Өзүңөр эле жей бергиле
+4
Baiana
2018-02-22 11:45:09
Оа бизге кереги жок,өзүңөрдөн ашпасын.!
+3
erlan2196
2018-02-22 12:11:56
Бизге да ушу заман келет, азыр деле кытайдын жасалма тооктун этин жеп калдык. Азыр элдин саны кобоюп элди табигый эт менен камсыздоо мумкун болбой калды.
+2
AKCAHAT
2018-02-22 13:13:27
Жанылык эмес))) кытайдын жасалма куручун, лапшаларын, тукумун жеп эле журобуз)) жийиркенип алгандарына куйосун. Булар го лабораторияда изилдеп атайын проект мн чыгарышат экен а биз кытайлар каерде кантип эмнеден жасаганын билбей эле жеп журобуз
+5
Azatbek83
2018-02-22 14:13:30
Малды багып этин жесин деп жараткандыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан