АКШнын президенти Дональд Трамп кылмышкерлерден коргонуу максатында мектептин кызматкерлерине жана мугалимдерге курал берүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Трамптын мындай сунушуна Флорида штатындагы мектептердин биринин мурдагы окуучусу ок чыгарып, 17 адамдын өмүрүн алганы себеп болгон.
"Мугалим куралды жашыруун алып жүрөт. Алар атайын окутуудан да өтүүсү керек. Эгерде мугалимдерде курал болгондо кылмышкерлер мектепке баш бага алышпайт болчу. Мектептин коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн да куралды пайдаланганды билген, мурдагы аскер кызматкерин жумушка алыш керек. Көптөгөн эл бул сунушка каршы, бирок ал көбүнө жагат", - дейт Дональд Трамп.
Айта кетсек, президент куралдарды сатууда кардарларга уруксат берүү эрежелерин да күчөтүүнү көздөп жатканын айткан.
АКШда курал колдонууга уруксат берүү Конституцияга экинчи жолу өзгөртүү киргизилгенде каралган. Жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде америкалыктардын көбү куралдарды пайдаланууга уруксат алуудагы эрежелердин күчөтүлүшүн жактырган.