Интернетте чоң мурундарды пропагандалаган флешмоб кеңири жайылууда
Белгилүү журналист, жазуучу Радхика Сангхани социалдык тармактарда чоң мурундарды мода тармагында популярдуу кылуу максатында #SideProfileSelfie аталышындагы флешмоб баштаган. Ал алгач бул оюн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Маалым болгондой, журналист көп жыл аралыгында өзүнүн мурдун жактырбай, жек көрүп жүргөн. Бирок акыркы күндөрү сулуулукка болгон көз карашын өзгөрткөндүгү тууралуу жазган.
"Мен чоң мурундарга болгон жек көрүүгө каршы акциямды баштадым, келгиле өзүбүздүн чоң мурундарыбызды сүйүүнү үйрөнөлү", - деген билдирүүсүн калтырган.
Көптөгөн кыздар бул флешмобду колдоп, социалдык тармактарга мурду көрүнгөн сүрөттөрүн жүктөп, аталган акцияны баштаган журналистке ыраазычылыктарын билдиришкен.