10-июнда Бишкектеги сейил бактардын биринен 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган адам кармалды. Свердлов райондук ИИБинин кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери Жаш Гвардия жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды жетелеп бактарды аралап бара жаткан шектүү адамды байкашкан. Ыкчам топ анын документтерин текшерүү үчүн артынан аңдып жөнөгөн. Шектелген адам бакты аралап барып, жанындагы кызга сексуалдык кысым көрсөтө баштаган. Иликтөө иштеринин негизинде 8 жашар ал кыз бир аптадан бери издөөдө жүргөндүгү билинди. Кармалган адам мурда соттолгон 30 жаштагы Нурлан Д. болуп чыкты. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын бүгүн, 12-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.