Сапар Исаков "Жаӊы доорго 40 кадам" программасынын алгачкы кадамдарына нааразы

Өкмөттүн "Жаӊы доорго 40 кадам" программасын ишке ашыруу көрсөткүчтөрү начар болууда. Бул пикирди премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында айтып, тийиштүү мекеме, ишканалардын башчыларына акыркы жолу эскертүү берди. Өкмөт жетекчисинин айтымында, 5 айдын ичинде программадагы 115 пункттун 91и толук же жарым-жартылай гана аткарылган. Исаков бул жаатта ишти күчөтүүнү талап кылып, жылыш байкалбаса жооптууларга катаал чара көрүлөрүн эскертти.

Өкмөт "Жаңы доорго – кырк кадам" программасынын алкагында 3 жыл аралыгында "Таза коом" долбоорунун негизги компоненттерин ишке ашырууну максат кылган. Алардын бири - Бишкек жана Ош шаарларын, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-"Манас" аэропорту трассаларын видеокөзөмөл системи менен жабдый турган "Акылдуу шаар" долбоору.

Айта кетсек, Сапар Исаков өкмөт жетекчиси кызматына 2017-жылы 25-августта дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан