Дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, миллиондогон күйөрмандарды топтой алган түрктөрдүн "Түбөлүк сүйүү" сериалы Өзбекстанда көрсөтүлбөй турган болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
2017-жылдан тарта өзбек тилине которулуп, "ZO'RTV" телеканалында көрсөтүлүп жаткан сериалдын токтотулушун айрымдар талап кылган. "Мусулмандар" сайтында "көрүп жаткандар көз менен күнөө кылууда" деген макаласын жарыялашкан. Ошондой эле өзбек тилинде үн коштогондор да күнөө кылышты деп билдиришкен.
"Далилсиз себептерден улам "Түбөлүк сүйүү" сериалын көрсөтүүнү токтотууга "жогору" жактагылар буйрук кылган", - дешкен телеканалдын өкүлдөрү.
"Бизге "жогору" жактан буйрук келди. Ошондуктан чет элдик сериалды экрандан алып салууга туура келди. Мындан ары эмне болору белгисиз. Балким, бул буйрук күчүндө калат, балким, уруксат берилет. Азырынча "Түбөлүк сүйүүнүн" уландысы болот деп так жооп бере албайбыз", - дешкен алар.
Кошумчалай кетсек, "Түбөлүк сүйүү" сериалынын 1-сезону 2015-жылы, 2-сезону 2017-жылдан тарта күйөрмандарына тартуулана баштаган.