Сууктан сактап калуучу акылдуу күрмө чыкты

АКШнын "Ministry of Supply" компаниясы "Mercury" акылдуу күрмөсүн ойлоп тапты. Аталган күрмө кийген адамга кандай температурадагы жылуулук керек болсо, ошондой жылуулукту берет. Мисалы, аба ырайы суук кезде күрмөнү кийип сыртка чыга турган болсоңуз, ал дароо эле жылуулук берүүчү кызматын иштетет. Ал эми кайсы бир жайга же унаага түшкөндө жылуулулугун автоматтык түрдө өчүрөт. Ошондой эле жүрөктүн согуу ритмин дагы көзөмөлдөй алат.

Бул күрмөдө адамдын кыймылын, абанын басымын аныктай алган микробашкаруулар бар. "Акылдуу" күрмө ээси тууралуу маалыматтарды сактап калат да, автоматтык түрдө өзгөрүүлөрдү жасай алат.

Акылдуу күрмөнүн дагы бир артыкчылыгы - аны үн менен да башкарууга болот. Сырттан караганда ал кадимки эле күрмөлөрдөй көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
novayariga
2018-02-23 02:45:42
Запчастары табылабы бизден
+5
Nurgul_35
2018-02-23 17:31:26
Акчасы канча болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан