Мындан 43 жыл мурда америкалык актриса, продюсер жана режиссёр Дрю Бэрримор АКШнын Калифорния штатындагы Калвер-Сити шаарында жарык дүйнөгө келген.
Дрю актёрлор династиясынын өкүлү. Анын атасы, апасы, ал тургай чоң атасы Жон Бэрримор да өз мезгилинин белгилүү инсандары болушкан. Болочок актриса карында жаткан кезде эле анын ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, бир нече жылдан кийин расмий түрдө ажырашышкан.
Атактуулуктун курмандыгына жеткирген карьера
Дрю Бэрримор камера алдында иштөөнү 11 ай кезинде эле баштаган. Ал жарнамалык роликке тартылып жатканда аны ит тиштеп алган. Продюсердин "эмне болот?" деген чочулоосун наристенин ыйы эмес, күлкүсү өчүргөн. Андан кийин 2 жашында "Күтүүсүз сүйүү" ("Неожиданная любовь"), 5 жашында "Кудайлар" ("Боги") тасмаларына тартылган. 1 жылдан кийин режиссёр Стивен Спилбергдин "Башка планетадан" ("Инопланетянин") тасмасында роль жаратып, аталган фильм кирешелүү болгон. Бул ийгиликтен кийин кичинекей актрисага режиссёрлордун назары түшүп, сунуштар жамгырдай жааган.
1986-жылы "Окуялар" ("Приключения") фильминдеги образынан кийин актрисанын мүнөзү өзгөрүп, тасма тааласында уруш чыгарып, көпчүлүк кесиптештери менен тил табыша албай баштайт. Буга актрисанын жеке жашоосундагы кызыкчылыктары себеп эле. Анткени актриса 9 жашында алкоголдук ичимдиктердин даамын татып көргөн. 10 жашында марихуана, 12 жашында кокаин колдоно баштаган. 13 жашында наркотроптук каражатты ашыкча колдонгону үчүн реабилитациялык клиникага түшсө, 14 жашында суицид жасоого аракети кылганы үчүн дарыланып чыккан.
Дарылануудан кийин Дрю токтолуп, карьерасын жандантуу үчүн эпизоддук ролдордо ойногонго макул боло баштайт. 15 жашында апасынын жардамынан баш тартып, мемуар жазууну колго алып, аны басып чыгарууга жетишет. Ошентип кайрадан нөлдөн баштаган актриса бир нече тасмаларда роль жаратып, миллиондогон гонорарларды чапчыган.
2000-жылы актриса ортомчулук негизде "Flower Films" кинокомпаниясын ачып, тасмаларга продюсерлик кылган.
2010-жылы "Боз бакчалар" ("Серые сады") тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.
Үй-бүлөлүк абалы
Атактуулуктун курмандыгы болгон Дрю Бэрримор 3 ирет турмушка чыгып, багы ачылган эмес. Анын жашоосундагы биринчи мырза Жереми Томас ресторандын ээси болгон. Бирок баш кошкон түгөйлөр бир жарым айдан кийин ажырашып кетишкен. 19 жаштагы актриса "Үй-бүлөлүк жашоо жана эне болуу мүмкүнчүлүгү эч кайда качпайт" деп карьерасына көңүл бөлө баштаган.
2001-жылы Дрю канадалык актёр, куудул Том Грин менен таанышып, көп узабай эле чогуу түтүн булатышат. 1 жылдан кийин таланттардын никеси кайып болот.
10 жылдан кийин актриса Уилл Копелман аттуу мырзага кезигет. Бирок 2 ирет турмуштан жолу буулган актриса бул жолу күйөөгө чыгууга ашыккан эмес. Ошентсе да алоологон махабат алардын башын байлап, Олив жана Фрэнки аттуу кыздуу болушкан. Актриса үчүнчү жолдошу менен 2016-жылы ажырашкан.