Америкалык ди-джей түз эфир учурунда көз жарды

Америкалык радио алып баруучу Кэссиди Проктор таңкы "Spencer's Neighborhood" түз эфирин алып барып жаткан маалында көз жарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ди-джейдин толгоосу мөөнөтүнөн 2 жума мурун башталган. Кокустан башталган толгоодон улам радио жетекчилиги анын төрөгөнүн түз эфирден берүүнү сунуштаган. Алып баруучу дароо макул болгон.

"Адам жашоосундагы эң бактылуу мүнөттөрүн өзүнүн сүйүктүү угармандары менен бөлүшө алгандыгы кандай керемет. Мен дайыма угармандарым менен түз эфирден сырдашып, алар менен бардык жаңылыктарды бөлүшүп турам. Бул жолу да алар менин жашоомдогу эң маанилүү көз ирмемдерде мени менен чогуу болуусун кааладым", - деген Кэссиди Проктор.

Белгилей кетсек, жарык дүйнөгө келген ымыркайга Жеймсон деген ысым ыйгарылган. Бул ысымды алып баруучуга угармандары сунуш кылышкан.

Радио алып баруучу түз эфирде төрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batma08
2018-02-23 12:12:38
Оой тооба. Не дейбиз эми омуру узун болсун
+6
Sizge.kat
2018-02-23 12:23:46
Атын online койсо болмок экен эмнеси болсо да омуру узуун болсун
+14
PROS
2018-02-23 16:49:57
Америкада декретке чыгышпайбы эмне?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан