Аргентиналык алып баруучу Соло Перез өзүнүн жамбашын 75 миң 438 долларга камсыздандырды. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, өз өлкөсүндө эң сексуалдуу алып баруучу атка конгон 24 жаштагы Перез "TyC Sports" телеканалында аба ырайын алып барат. Жаңылыктардан да, ал алып барган аба ырайын көпчүлүк көрөрмандар көрүп, кээ бирөөсү анын айынан жумушка да кечигип калган фактылар катталган.
"Социалдык тармактардагы баракчаларыма миллиондон ашуун адам катталган. Алардын көбү менин сырткы келбетиме жана жамбашыма кызыгып билдирүү калтырышат. Ошол себептен аларды камсыздандырууну чечтим", - деп билдирген Перез.
Алып баруучунун айтымында, ал мындай келишимдүү тулку-бойго спорт менен машыгып жатып жеткен. Ошондой эле ал көптү суктандырган чоң өлчөмдөгү жамбашка ээ болуу үчүн атайын көнүгүүлөрдү күн сайын жасай турганын кошумчалаган.