Индияда хирургдар мээдеги эң чоң шишикти алып салышты

Операция жасаган дарыгерлердин айтымында, мээдеги шишик ушунчалык чоң болгондуктан бейтаптын 2 башы бар сыяктуу көрүнчү. Мындай кабарды чет элдик маалымат булактары жазды.

Ал шишик ар дайым бейтапка тынчтык бербей, күнү жан кыйнаган оору менен коштолчу. Операциядан кийин дарыгерлер алып салган шишикти таразага тартып көрүшкөндө 1 килограмм 900 грамм чыккан. Муну дарыгерлер адамдан алынган, операция ийгиликтүү аяктаган эң чоң шишик деп аташкан.

"Бул эң эле татаал операция болду" деген Мумбайдагы оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Тримурти Надкарни.

Маалыматта белгиленгендей, башындагы шишигинен улам ал эркек кишинин көрүүсү абдан начарлап кеткен. Дарыгерлер эми анын көрүүсү да жакшырат деп үмүттөнүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ermekbai
2018-02-23 18:54:25
Индиянын адамдары бизге келип окушат. А биздин оорулу адамдар Индияга барып каралабыз ошондо бизде техника жетишпейби же кандай түшүнбөйм.....
+15
munira-tilen
2018-02-23 20:04:36
Ermekbai,бул жактан окугандарды ал жакта коп деле ишке албайт екен
+4
Djumahmatov
2018-02-23 22:43:03
munira-tilen,маалыматыныз аз окшойт Кыргызстандын Казахстандын дипломун алып баргандарды ал жакда жумушка тез жана жакшы жумуштарга алышат экен мен оздорунун оозунан уктум ооба бизде техника жетишсиз биздин эл копчулук элге караганда сабатту келишет аны биз барктабайбыз Кыргызстан учун куйгон адам калбады Кыргызстан онукбой жатат чондор жеп жатат Кыргызстан онуксо Медицина боюунча алдынкы орундарга чыкмак баары акча жоктун айынан биздин чондордун кыргызстан учун куйбогонун айынан болуп жатат
+2
AlbertEinstein
2018-02-24 10:54:48
Djumahmatov,Кайдайгыны айтпачы бияктан окуп баргандар жумушка алынбай кайра окуушат. Мен индияга барып келгем 3 студент кыргызстандан окуп келип кайра өзүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан окууп анан араң деген врач деген кесиптин ээси болушат экен индияда
0
Djumahmatov
2018-02-24 22:48:26
AlbertEinstein,индияда бизден жакшы окутушса Индиядан убаара болуп бизге келип окушмак эмес анан дагы 5 жыл окуп врач кесиптин ээси болуп алып ала турган болсо кыргызстан врачка толуп кетмекда врач кесиптин ээси болуш учун аз окуганда 7 жыл окуш керек
0
Bekboloooot
2018-02-23 20:47:37
Ermekbai,бизде окугандардын көпчүлүгү пакистандан келишет индиядан эмес!
Мисалы, ошто көп алардын көпчүлүгү дээрлик 80% пакистандыктар..
+1
Rifle_I
2018-02-23 22:07:17
Ermekbai,бизде саясат медицинаны алдыга жылдырбайт. Медицинага ВВПнын 10% бөлүнсө, медицинабыз да алдыга жылат.
0
Medinaa
2018-02-23 19:35:05
Индияда ушундай бирдемелер чыга берет.Ал жакта көбү абдан жакыр.
+2
mentol
2018-02-23 23:24:40
озунчоле прическа экен эледа, биротоло айыгып кетсин
0
Benazir08
2018-02-24 03:14:21
Айыгып кетсин ушундан ашпай калсын башка адамдар эч оорубасын. Момун мусулман бир тууганым талаадабы уйдобу бизди жаман оорудан коздон сактасын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан