Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу: "M-1 Global" уюмунун чемпиондук курун багындырган соң UFC уюмуна аттанам"

Орусиянын Москва шаарында эрежесиз уруш боюнча "M-1 Global" уюмунун мелдешинде жеңишке жеткен Бусурманкул Абдибаит уулу Бишкекке кайтып келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунда туугандары, достору жана тааныштары кызуу тосуп алышты. Кыргыз намысын коргогон Бусурманкулду мекендештер Кыргыз туусун желбиретип, "Кыргыз өлкөсү" деген кыйкырыктар менен тосушту.

Бусурманкул Абдибаит уулу кечээ, 22-февралда Москва шаарында "M-1 Challenge 88" мелдешинде 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Анда Кыргыз спортчу орусиялык Максим Дивнич менен кез келип, 3 раунддун жыйынтыгында калыстар бирдей чечим менен жеңишти Бусурманкул Абдибаит уулуна берди. Муну менен Кыргыз мушкери өзүнүн 10-жеңишине ээ болуп, "M-1 Global" мелдешинде 2-ирет жеңишке жетти.

Бусурманкул Абдибаит уулу өз сөзүндө орусиялык спортчу менен болгон беттеш кеченин мыкты таймашы аталганын айтты.

"Москва шаарындагы "Олимпийский" стадионунда чоң деңгээлдеги "M-1 Challenge 88" мелдеши өттү. Беттеш 3 раундга созулуп, аябай жакшы кармаш болду. Анткени менин атаандашым Максим Дивнич "M-1 Global" уюмунда мурунку чемпион ал мушташта өзүнүн чеберчилигин көргөзө алды. Чабуулдарды көбүрөөк оң колум менен жасагандан улам колумду кокустатып алдым, эми мушташ учурунда ар кандай окуялар боло берет. Кийинки беттеш боюнча азырынча чечимдер чыга элек, тийиштүү адамдар бул маселе боюнча иш жүргүзүүдө. Азыр мен бир, эки аптага эс алууга чыгып дарыланышым керек. Андан кийин сүйлөшүүлөр башталат деп ойлойм. Ал эми "M-1 Global" уюму менен менин 5 беттешке келишимим бар, бул келишим 2020-жылы аягына чыгат. Ошондуктан азыркы таптагы максатым "M-1 Global" уюмунун чемпиондук курун багындыруу, андан соң UFC уюмуна аттануу", - дейт мушкер.

Бусурманкул Абдибаит уулу: "M-1 Global'ды" багындырган соң UFC'ге аттанам"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ararat...
2018-02-23 21:59:52
Кыргыздын жигити ушундай болуш керек! Созу менен иши топ келген.Сыймыктанабыз карышкыр муноз жигит.
+11
jike
2018-02-23 22:01:54
UFC ден кутобуз ийгилик
+11
Nazar76
2018-02-23 22:09:20
Азаматсың ийгилик каалайм
+7
Mina24
2018-02-23 23:07:31
Сенден коптогон жениш кутобуз алла озу колдосун кыргыздын байрагын UFC ден желбирет алга эркексин
+7
Medinaa
2018-02-23 23:42:47
Сыймыктанабыз!
+4
Nurik1988
2018-02-24 00:09:20
Жакшы кабар Сыймыктана турган
+5
BBB88
2018-02-24 07:58:07
Алайбек ийгилик сага
-4
nukura_jigit
2018-02-24 11:19:48
Чон-Алайдын сыймыгы !
-6
Dina.janym
2018-02-26 02:04:43
nukura_jigit,
Не только Чоң-Алай, Кыргыз элинин сыймыгы бул жигит!
Неге ушинтип көрө албайсыңар тооа, же атайын эле жазасыңарбы е, Адам болойлучу!
0
Abdizhapar
2018-02-25 08:53:16
Кайсы акмактар -басып жаткан
0
Nazaralikarakulja
2018-02-26 02:38:11
Молодец бой эн жакшы болду Алгаа ийгилик Кыргызстан дын желэгин бийик которобер UFC де да чемпион бол келечек алдыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан