Кытайда дүйнөдөгү эң узун көпүрөнүн курулуш иши аяктады

Кытай Эл Республикасында дүйнө жүзү боюнча эң узун делген көпүрөнүн курулуш иши аяктады. Белгилүү болгондой, мамлекеттик комиссия февраль айында көпүрөнү текшерүүгө уруксат берген.

Деңиз үстүндө курулган көпүрө Гонконг, Чжухай жана Макао аймактарын бириктирип, каттамдарды жеңилдетет. Ал эми көпүрөнүн жалпы узундугу 55 чакырымды түзөт.

Аталган көпүрөнү куруу иштерин 2009-жылы Кытайдын коммуникация жана курулуш компаниясы колго алган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 110 миллиард юань (16 миллиард доллар) акча каражаты сарпталган.

Деңиз үстүндөгү көпүрө жогорку технологиялык жабдуулар менен жасалгандыктан жердин 8 баллдык силкинүү күчүнө туруштук бере алат. Ал эми куруучулардын айтымында, көпүрө 120 жылга чейин кызмат кылат.

Унаалардын каттамы 2018-жылдын экинчи жарымында башталары пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Akniet_kg96
2018-02-24 00:03:29
аябай сонун экен кыргызстан да бара бара буйруса онолот чыгар деп тилеп кутолу
+5
temirov76
2018-02-24 00:05:54
Кытайда көпүрөгө деген акчаны жесе атууга өкүм кылып ошол көпүрөнүн астына басып салса керек менимче.
+4
Mularamov
2018-02-24 01:13:44
temirov76,
chepke koshup kuldardy dubal kylganda ozunu kopurogo betondopbu
-1
Nurik1988
2018-02-24 00:17:58
Биздикилер жадакалса эски копурону ондой албайт. Жаны копуро куруп баштаса беш Алты метирлик аны да 3,4 жыл дегенде не качественный кылып бутурот. Ошентип 3-4 жылда буткон копуро бир жарым жылга жетпей кочуп тушуп калат
+2
Ulan8383
2018-02-24 00:42:52
Кара-кулжага Жээнбеков элчи, чоорчуларды ээрчитип барып ачкан копуросу , 6 айда кулап калды .Ал копуро 20 метр аран чыгат болчу.
+1
Aima94
2018-02-24 00:59:20
Красота! Молодцы!
+1
Zainidin96
2018-02-24 01:23:17
Бизде да 2016-жылы кытайлар эки айылды бириктире турган копуро салышкан 2017-жылдын жай айында кайра эле кулап айыл тургундары башка жактан жоо отушко туура келген. Кызыгы ошол копурону 11миллион сомго бутургон. Ал копурого караганда 15-20жыл мурун салынган копуро азыркы убака чейин кулабай турат
+2
MENMINGO
2018-02-24 02:17:40
Башка олколор бир нерсе курса созсуз биздин окмокту ушактаганды койбойсунарго тобоо кылдым. Ушу силер кандай болсонор биздин чондор да ошондой болот. Биринчи озубуз онололу анан окмокту сындасак жарашат.
-6
Benazir08
2018-02-24 03:04:13
Биздин кыргызбайлардын жашоосуна мышык ыйлайт го. Чыныгы эр азаматтарды буттан чалып жок кылышат. Жок дегенде Мелисти жон койгондо копурону сонун кылып бутурмок
+1
QwertyYtrewq
2018-02-24 03:20:57
Айта берсек соз коп негизи. Биздин чондор аман эле болушсун. Соз жалко
+1
talaa11
2018-02-24 04:46:08
жаман хахаго бул жак Бир кулуп алдым чиркин
-1
madina.87
2018-02-24 04:49:04
Биздин айылда каналга копуро куруп бергиле деп эл окмотко кат жаза берип чарчашкан.
Акырында 11 миллион сом жумшалат копурого,бул сумма бизде жок деп жооп беришкен окмоттогулор.
Менин бир тагам шафер болчу,жашоосу орто эле.
Бир баласы Россияда иши жакшы журушуп,ошол копурону бир жарым миллионго эле соонун кылып куруп койду.Кызыгы биздин айылдан депутат болуп баргандар,ушундай иштерди мен жасагам деп барат экен ак уйго.
Уят деген такыр калбаганазыр чондордо.
+4
abon
2018-02-24 09:20:40
Кытайлар ото чыдамдуу эл экенда. азаматтар. бизде дагы жумушчулар кооп бирок айлыгыбыз аз болгондуктан Россия Турция жана ар кандай жерде ырыскысын терип журот.
0
a.sheralievic.91
2018-02-24 10:20:01
Кытайда коррупция деген нерсе почти жойулган ошон учун иштер так аткарылат
0
shergazy9
2018-02-24 16:54:38
Биздикилер андай мындай дегендер, барып кытайга тыгылып алгыла, жаша барып кытайына биздин жашооле зынк х экенсинер жашоонорго нааразы болсонор,нааразы кылбай жашаткан мамлекетке кетип калбайсынарбы колунарды эч ким кармаган жок
0
alibekovna
2018-02-24 22:08:18
ой биздикилер суунун устуно жол салбай эле кадимки эле жолдорду алфальт кылып берсе суйунот элем. Кудай буйруса баары алдыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан