"Көпөлөк" тасмасындагы башкы каармандын ролу жана бир нече клиптердеги образы менен таанылган актёр Нурлан Акматбековдун жубайы уул төрөдү. Мекен сакчыларынын күнүндө уулдуу болгонуна жетине албай, кубанып жаткан актёрго SUPER.KG порталы куттуктап байланышты.
"23-февраль - Мекен сакчыларынын күнүндө жубайым Айжамал уул белек кылды. Мен үчүн бир күндө кош майрам болуп жатат. Наристе 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, эне-баланын акыбалы жакшы. Москва шаарына келгенде Айжамалдын кош бойлуу экенин билип, каттоодон өтүп койгонбуз. 9 ай бою үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болгондуктан төрөт жеңил болду. Өзүм үйдүн жалгыз уулумун. Ымыркайдын төрөлүшүн ата-энем да аябай күтүшкөн. Уулумдун ысымын чоң атасы Асхан деп атады", - деп кубанычы менен тең бөлүштү.