2012-жылдын январь айынан 2013-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине карата 20 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Замир Малабеков 12-июнда билдирди. Айтымында, мекеме Салык кызматы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен бажы төлөмдөрүнүн толук жана таза аткарылбай жаткандыгын схемасын иштеп чыгуу келишими бекитилген. “Жыйынтыгында 8 кызматкерге карата коюлган күнөө алынып, 5 кызматкер кызматтан бошотулган. 6 кызматкер сот тарабынан акталып, 3 кызматкерге карата азыркы учурга чейин териштирүү иштери жүрүүдө”,- деп маалымдады Малабеков.