Мирбек Атабеков казак ырчысы Жанар Дугалова менен иштешүүдө
Кыргыздын мыкты ырчысы, Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков казакстандык ырчы, "Түрквизион-2014" сынагынын жеңүүчүсү, учурунда кыздардан турган "КешYou" тобунда ырдаган Жанар Дугалова менен дуэт жаздырды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Атабеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Жанар менен иштешүү оюмда деле жок болчу. Казактардын жаңы тартылган тасмаларынын биринин продюсери Жанарга "хит ырларды жазган Мирбек Атабеков менен чогуу ырдабайсыңбы" деп мени сунуштаптыр. Тасмага саундтрек кылып Жанар экөөбүз "Сүйөм, жек көрөм" деп аталган чыгарманы аткардык", - дейт Мирбек Атабеков.