Ангина оорусу тереңдеп, жүрөгүнө, сөөктөрүнө өтүп кеткендиктен манасчы Ширин Сарыгуловага 22-февралда операция жасалган. Ден соолугун сурап байланышканыбызда манасчы төмөндөгүлөргө токтолду.
"Тамак безим чоңоюп кетиптир. Операция 22-февралда жасалды. "Аябай күчтүү экенсиң, 1 жолку наркозду тоготпой ойгоно бергениңден 2 жолу наркоз бердик" деп дарыгерлер тамашалашты.
Операция 1 жарым саатка созулду. Үн байламталарына доо кетирбөө үчүн жалпы наркоз менен жасашты. Үндүн тембри өзгөрүшү мүмкүн дешти дарыгерлер. Айла жок макул болдум. Анткени оору бир жылдан бери кыйнап келе жаткан.
Сентябрь айынан бери тамчылатма дары алып жаткам. Кичине суукка урунуп калсам же ырдасам, катуураак сүйлөсөм дагы тамагым ириңдеп, дене табым көтөрүлүп, кыйнап келди. Үйдө ооруганым менен көчөгө чыкканда эч кимге эч нерсе билдирчү эмесмин.
Азыр ооруканадамын, бир ай катуу сүйлөгөнгө болбойт. Дарыгер, медайымдарга рахмат. Мени таанып, сыйлап, абалымды тез-тез сурап жатышат", - дейт манасчы.