Аргентинада ит ээсинин мүрзөсүндө 11 жыл жашап, анан өлдү

Аргентинада ит ээсинин мүрзөсүндө 11 жыл жашап, анан өлдү. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Капитан атка ээ болгон немец овчаркасы өзүнүн маркум ээси Мигель Гузмандын мүрзөсүндө 11 жыл жашаган.

"Мигель каза болгон соң Капитан жоголуп кеткен. Бирок көп убакыт өтпөй аны мүрзөлөрдүн арасында жүргөнүн көрдүк", - деп Гузмандын жакындары билдирген.

Мүрзөлөр жайгашкан аймактын кароолчусунун айтымында, Капитан көп убакыт бою мүрзөлөрдү аралап жүрүп, бир күнү өзүнүн ээсинин мүрзөсүн таап алган.

"Капитан Мигелдин мүрзөсүн кантип таап алганы бизге дагы эле сыр бойдон. Ит 11 жыл аралыгында бир да жолу узак убакытка мүрзөдөн алыс кеткен эмес", - деген кароолчу.

Мындан төрт жыл мурун ветеринарлар ит ооруй турганын жана анын аз эле күндүк жашоосу калганын билдиришкен. Бирок буга карабастан ит дагы бир нече жыл жашаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
baktybek90
2018-02-25 09:59:25
ит адамдын душманы
-79
Janym_ata_enem
2018-02-25 10:31:52
baktybek90,сен адамдын душманы экенсин.
+32
meerimbekovd
2018-02-26 00:45:23
baktybek90,кандайча душман7
-1
umar.kgz
2018-02-25 10:00:47
ээсин ушунчалык катуу жакшы корот турбайбы байкуш!!
+38
KyrgyzstanBishkek
2018-02-25 10:06:10
Адамдарга караганда туруктуу жана ишенимдуу дос.
+49
Akyl78.1501
2018-02-25 10:06:31
/ит вафо хотин жафо /--деген озбектердин макалы бар ото туура айтылган мына далил. Молодец ит экен
-18
amirrus
2018-02-25 10:12:56
итин дос болсо жакшы,досун ит болгондон кудай сактасын
+24
NURTILEK_KG
2018-02-25 10:13:10
Бир кино барго ээсини жумуштан келе турган жерде кутуп олтура берет.ал олсо да кутуп олтура берет.аты да эстен чыгып калды ошол кинону коруп аябай ыйлагамда.ит негизинен адамга жакын келет экенда.
+9
monkey92
2018-02-25 10:17:24
NURTILEK_KG,Хатико
+19
sirgak_92
2018-02-25 10:28:29
NURTILEK_KG,Шрек бболуш керек
-27
BakytAliev
2018-02-25 11:13:31
sirgak_92, жок адаштын золушка эле
+11
sely
2018-02-26 00:24:21
BakytAliev,хе хе хе
+1
Eli.91
2018-02-25 15:03:15
NURTILEK_KG,
Менда коргомун ал кинону,ошол ит кутуп кутуп журуп ээсин,ошол жерде олот,азырда барго ошол жерге ошол итке арнап эстелик койгон?бирок кайсы мамлекетте болгонун айталбайм.
0
fantomas
2018-02-25 16:31:34
Eli.91, Япония
+1
Nurik1988
2018-02-25 10:55:16
Сонун
+7
Ermekbai
2018-02-25 11:15:18
Акыркы күндөрү кээбир адамдар ушул итче да болбой калдык...
+22
mbmur
2018-02-25 12:42:55
Ermekbai,кээ бири эмес копчулугубуз эле болбой калдык.
+12
Mina24
2018-02-25 13:51:18
mbmur,Эн туура айтын
+4
Toliksynchy
2018-02-25 14:13:41
Ит адамдын досу
+7
abon
2018-02-25 15:52:29
мен коп эстеймда жаш бала (1-2 класс) кезимде мени да итим болчу . окуган мектеп алыс болгондуктан анан биздин айылда копчулук иттерин коюп жиберет болчу. ошол маалда байкуш итим мени кузотуп барат эле кыштын суугунда сааркы карангы кундордр. бечара ошол итим эсиме тушту го. ит кее бир адамдан коро ишенимдуу дос болот адамга. эххх ((((
+3
Aigerim4545
2018-02-25 18:25:39
2-Хатико экен да 11 жыл болсо хатикодон ашыптыр
+2
Zainidin96
2018-02-25 23:34:32
Сонун ит екен
+1
Hacker99
2018-02-27 12:11:28
Эххх дуйно-дуйно мынчалык таш боор а?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан