"Apple" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стив Жобстун каталар менен жазылган эң биринчи жумушка кирүү тууралуу арызы аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, америкалык ишкер Стив Жобстун 1973-жылы жумушка кирүү үчүн жазган арызы Бостон шаарында 50 миң доллардан жогору баа менен аукционго коюлган.
"Аталган компаниянын түптөөчүлөрүнүн бири 18 жашында жумушка орношуу үчүн арыз жазган. Андан орфографиялык жана тыныш белгилер боюнча көп каталарды кездештирүүгө болот. Жадакалса өзүнүн фамилиясын да кичине тамга менен жазып койгон", - деп жазылат маалыматта.
Аукцион 2018-жылдын 8-15-март күндөрү өтөт.
Стив Жобс - америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү. Ал 1955-жылы 24-февралда Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарында туулган. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызыкчылыктары төп келишкен экөө бат эле тил табышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “менин колледждеги убакытым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанат. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган.