Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Орусиянын хоккей боюнча курамасы алгачкы жолу Олимпиаданын алтын медалына ээ болду.
Машыктыруучу Олег Знарюктун жетекчилиги алдында музга чыккан Орусиянын курама командасы жарым финалда Чехиянын курамасын 3:0 эсебинде утуп, 20 жылдан бери алгачкы ирет Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Ал эми хоккей боюнча Германия курама командасы көпчүлүктү таң калтырып, бул Олимпиада оюндарында муз үстүндө хоккей боюнча эң күчтүү делген Канада жана Швеция курамаларын жеңип чыгып, финалга жолдомо алган.
Бүгүн, 25-февралда Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында хоккей боюнча финалдык беттеште Германия курама командасы менен Орусиянын курамасы беттешти.
"Каннын-борбор" муз аренасында орун алган беттеште алгачкы мүнөттөрдө Орусиянын курамасы өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, биринчи бөлүктүн 19-мүнөтүндө Никита Гусевдин берген шайбасын коргоочу Вячеслав Войнов германиялыктардын дарбазасына киргизип, орусиялыктар оюндун биринчи бөлүгүн 1:0 эсеби менен аяктай алышкан.
Ал эми оюндун экинчи бөлүгүнүн алгачкы мүнөттөрүндө бир дагы команда өзүнүн активдүүлүгүн көргөзө алган жок. Бирок буга карабастан оюндун 30-мүнөтүндө германиялык оюнчу Феликс Шюцтун чапкан шайбасы Василий Кошечкиндин бутуна тийип, орусиялыктардын дарбазасына кирип кеткен.
Оюндун үчүнчү бөлүгүндө орун алган кызуу тирештин жүрүшүндө орусиялык Никита Гусев оюндун 53-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсеп санын 2:1 кылган.
Бирок орусиялыктардын кубанычы көпкө созулган жок. Анткени оюндун 54-мүнөтүндө германиялык Доминик Каун эсепти теңдей алган. Бул голдон күч-кубат алган германиялыктар орусиялыктардын дарбазасына тынымсыз чабуул жасап, жыйынтыгында Мюллер 57-мүнөттө кураманын 3-шайбасын орусиялыктардын дарбазасына киргизе алды.
Мелдештин жүрүшүндө өзүнүн мыкты оюну менен айырмалана алган Никита Гусев 59-мүнөттө эсепти теңдей алган. Гусевдин голунан соң негизги убакыт бүтүп, оюнчулар овертаймда күч сынашты.
Кошумча бөлүнгөн 20 мүнөттө орусиялык Кирилл Капризов чечүүчү голду германиялыктардын дарбазасына киргизип, хоккей боюнча Орусиянын курама командасы 26 жылдан бери күтүп келген Олимпиада оюндарынын алгачкы алтын медалын алып келе алды.