"Артист", "Гуру" тасмалары аркылуу таанылган индиялык актриса Шридеви 54 жашында каза болду

Болливуддун легендарлуу актрисасы Шридеви (өз аты Шри Амма Янгер) 54 жашында жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, актриса жолдошу жана кичүү кызы менен бирге Дубайга туугандарынын биринин тоюна барган. Ал жактан жүрөгү сокпой калып, 54 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Учурда актрисанын өлүмүнө байланыштуу бир канча индиялык атактуулар социалдык тармактардагы баракчаларына анын сүрөтүн жүктөп, эскеришүүдө.

Белгилей кетсек, Шридеви 1963-жылы 13-августта туулган. Аны көпчүлүк "Артист", "Гуру", "Чандни" жана башка тасмалардагы жараткан ролдору аркылуу тааныйт. Актриса жалпысынан 300гө жакын кинодо роль жараткан. Акыркы жолу өткөн жылы "Апа" деген фильмге тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2018-02-26 09:44:45
Мен да бир убакта суйгом Шри Девини киносун кайта -кайта коруп. Арты кайрылуу болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан