АКШнын Вашингтон шаарынын борбордук бөлүгүндө мамлекеттик кызматкерлер үчүн тамактанган соң уктап, эс алуучу кафе ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган кафеде мамлекеттик кызматкерлер күндүзү тамактанып, андан соң 20 мүнөткө жакын атайын жумшак төшөккө жатып уктай алышат. Кызматтын баасы 9 доллар турат.
Кардарлар көздөрүн лаванда жыттанган атайын орогуч менен жаап укташат. Алар үчүн эс алдыруучу музыка да ойнотулат.