Мирбек Атабеков казак ырчысы Жанар Дугалова менен саундтрек жаздырбай турганын билдирди

Буга чейин ырчы Мирбек Атабеков казакстандык ырчы Жанар Дугалова менен казактардын бир тасмасына саундтрек катары ыр жаздыра турганын жазган элек. Бирок эки ырчы ыр жаздырбай калышты. Бул тууралуу Мирбек Атабеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Казактардын жаңы тартылган тасмасына Жанар Дугалова экөөбүз саундтрек кылып "Сүйөм, жек көрөм" деген ырды жаздырмай болгонбуз. Ыр жаздыруу чыгымын тасма тартуучу топ көтөрмөк, бирок аларда каржы жаатында маселе жаралып, саундтректи пайдаланбай калышыптыр. Ошол себептен Жанар экөөбүз ыр жаздырууну токтоттук. Бирок кийинчерээк бир ырды дуэт аткаралы деп сүйлөштүк", - деди Атабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Safiya91
2018-02-26 09:55:23
Женеша кызгандыбы)))?
+7
kadyrym1
2018-02-26 13:35:53
Safiya91,кызгана турган болуп ойсондогон видеосу бар экен
эле инстаграммда.мен кызганмакмын. Мээрим дадилсин
+4
piramida
2018-02-26 10:02:21
Ха-ха ха ха жардын
+2
vikidiki
2018-02-26 13:06:38
кызганган окшойт женеша. Откондо комментарий калтырып атышпады беле Жанар аябай сек.... уу айым абайла Мирбек деп
+5
admiral
2018-02-26 13:55:34
Йооо чыгарыг керек эле да, аябай күтүп аттым эле ((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан