"Samsung" компаниясы Испаниянын Барселона шаарында өткөн эл аралык мобилдик конгрессте Galaxy S9 жана S9+ жаңы смартфондорун тартуулады. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайты жарыялады.
Маалым болгондой, смартфондордун жаңы үлгүсү мурункулардан көп деле айырмаланбайт. Galaxy S9дун экранынын узундугу 14 сантиметр 7 миллиметр, 4 гигабайт оперативдүү жана 64 гигабайт болгон эс-тутумга ээ. Ал эми S9+ смартфонунун экранынын узундугу 15 сантиметр 7 миллиметр, 6 гигабайт оперативдүү жана 128 гигабайт эс-тутум киргизилген. Ошондой эле жаңы үлгүдөгү смартфондор 12 мегапикселдүү камерага ээ болуп, секундасына 480 кадр сүрөт тартууга жөндөмдүү. Өзгөчөлүгү 3D аватарларды жасай ала турган кызмат орношконунда. Мындан сырткары, Samsung Galaxy S9 жана S9+ жаңы уюлдук телефондорунда адамдын жүзүн тааный турган систем жакшыртылып, манжа издерин басуучу сенсор камеранын жанында эмес, астында жайгашкан.
Белгилей кетсек, уюлдук аппарат 19-марттан тартып сатыкка чыгат.