АКШда каракчылардан кожоюнун коргоп жаткан итке 4 жолу ок тийди

АКШда ит ээсин каракчылардан коргоп жатып 4 ок жеди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Вашингтон штатынын Де-Мойн шаарында Рекс аттуу немис овчаркасы ээсин каракчылардан коргоп жатып 4 ок жеген.

Рекстин 16 жаштагы кожоюну Хавьер Меркадонун айтымында, каракчылар алардын үйүнө кирип келгенде үйдө ити экөө эле болгон.

"Үйдүн ичинде отурганбыз, бир маалда терезеден бир адамдын карааны көрүндү. Рекс чуркап барып тынымсыз үрө баштады, андан соң каракчылардын бирин тиштеп алыптыр, а мен болсо атайын жардам чакырып, шкафтын ичине жашынып алгам. Каракчылар мен жашынып алган бөлмөгө киргенде Рекс аларды тиштеп алды. Ошондо алар итке 4 жолу ок чыгарышты", - деп билдирген Меркадо маалымат каражаттарына.

Ошондой эле ал окуя болгондон кийин ит өлүп калды деп ойлогонун, бирок мал доктурлардын өз учурунда жасаган операциясы иттин өмүрүн сактап калганга жардам бергенин кошумчалаган.

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери каракчыларды кармашкан, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Atas
2018-02-26 14:04:41
Ит адамдын досу
+5
Azatbek83
2018-02-26 15:00:55
Atas,кееде
-7
KRIMINAL
2018-02-26 14:05:37
Азыркы заманда иттин аң сезими өнүгүп адамдыкы артка жылып атабы деймдаа.
Бирок айылдарда мындан дагы ээсине берилген акылдуу иттер бар.
+10
Toliksynchy
2018-02-26 14:13:48
Ит тууралу малыматтар коп чыга баштады го
+2
Beks0207
2018-02-26 14:20:13
Toliksynchy,калпак кийгендер бери
-2
Tyty1990
2018-02-26 14:40:48
Иттин дос болгону жакшы,досундун ит болгону жаман.
+11
Bars111
2018-02-26 14:52:13
Супер инфо ит кантип ок жейт? Туура жазыңыздарчы сураныч. Ок тийди деп.
-4
aydinnur
2018-02-26 15:43:20
Bars111, Сөздүн маанисине жараша туура эле жазылган.. Кыргыз тилинин грамматикасы менен орфографиясын окуп коюңуз.
+1
fantomas
2018-02-26 15:53:25
Bars111, сен биринчи кыргыз тилин жакшылап уйрон, соз байлыгынды остур... Мисалы жамгыр жаады, жамгыр токту, жамгыр куйду деген создор бар. Маанилери бирдей эле.
+3
Hacker99
2018-02-27 11:56:34
Мынаа жаныбарлар эмне учун жаралган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан