Куткаруучулар Бишкектеги Комсомол көлүнө чөгүп бара жаткан 16 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, сууга чөккөн өспүрүм достору менен көл жээгинде эс алып жүргөн. Ал сүзгөндү билбегендиктен, жээктен бир аз сүзгөндөн кийин чөгө баштаган. Жээкте жүргөн куткаруучулар аны байкап калышып, куткарууга үлгүрүштү.