Индияда аялдарга мамлекеттин эсебинен көкүрөгүн чоңойтуу же кичирейтүү үчүн пластикалык операция жасатууга уруксат берилет

Индияда аялдарга мамлекеттин эсебинен көкүрөгүн чоңойтуу же кичирейтүү үчүн пластикалык операция жасатууга уруксат берилет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Стэнли мамлекеттик медициналык колледжинин алдында түзүлгөн бекер пластикалык хирургия клиникасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен ачылган. Аталган клиникада айымдар көкүрөктөрүн операция жолу менен бекер чоңойтуп же кичирейте алышат.

"Эмне себептен пластикалык хирургия жакырлар үчүн жеткиликсиз болуш керек? Эгерде биз тиешелүү жардамдарды көрсөтпөсөк айымдар тажрыйбасы жок адистерге барып, ден соолуктарына зыян келтирип алышы мүмкүн. Ошондой эле көптөгөн карыздарга батышат", - деп билдирген дарыгер Виджая Баскар.

Бирок көпчүлүк бул жаңылыкты сын көз караш менен кабыл алган. Алардын айрымдарынын айтымында, мамлекет кайсы бир илдеттен жабыр тарткан адамды дарылоого акча бөлүүсү керек, ал эми аялдардын көкүрөктөрүн чоңойтуп же кичирейтүүнү каржылоо - чектен чыккан акылсыздык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Refiri87
2018-02-26 14:45:28
Зор
-3
luuntik
2018-02-26 15:04:39
мее сага шумдук го
-3
ziash85
2018-02-26 15:16:00
Чындап акылсыздык
+6
Paol
2018-02-27 22:55:41
Айнып пайнып калышкан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан