Депутат Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесинде Борбордук шайлоо комиссиясы эки ача пикирде.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу мандаттан ажыратуу маселеси каралышы керек. "Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирди, бул БШК үчүн мандатты мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз боло алат", - дейт Бекматов.
Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева "соттун чечиминде жаза өтөө мөөнөтү 2029-жылга жылдырылган болсо, анда бардык маселелер ошол жылы каралат" деп билдирди.
Айта кетсек, Саляновага чыккан Ленин райондук сотунун өкүмүн 7-февраль күнү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ага ылайык, Салянова жазасын колундагы наристеси 14 жашка чыккандан тартып, тагыраагы 2029-жылы жаза мөөнөтүн өтөй баштамакчы.
Соттун чечими чыкканына байланыштуу Салянованын депутаттык мандатынан ажыратуу маселеси көтөрүлүп, 19-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түшкөн. Ал ортодо Салянованын адвокаты Канатбек Азиз депутатты мандатынан ажыратуу маселеси азыр эмес, жаза мөөнөтү башталган 2029-жылы көтөрүлүшү керек экенин белгилеген.