Бийликти күч менен басып алуу аракети менен күнөөлөнүп сот жообуна тартылган Бектур Асанов Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бектур Асанов менен бирге соттолгон Эрнест Карыбековду башка абакка которуу маселеси каралууда. Карыбеков кайсы жаза өтөө мекемесине которулары бир жуманын ичинде аныкталмакчы.
Мындан мурдараак Кубанычбек Кадыров №27-колонияга которулганы белгилүү болгон.
30-январдан тартып сот өкүмүнө нааразы болуп "ачкачылык" баштаган Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров 21-февраль күнү ачкачылык акциясын токтотушкан.
Эске салсак, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга райондук жана шаардык соттун чечими менен камалышкан.