Бишкек шаарындагы "Динамо" спорт комплексинде самбо боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеште 150дөн ашуун 2006-2008-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр катышып байгелүү орундар үчүн күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду Ленин районундагы Балдардын чыгармачылык борбору ээледи. 2-орунда "Динамо" Кыргыз дене тарбия жана спорт коомунун спортчулары жайгашса, 3-орунду Свердлов районунун Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин тарбиялануучулары жеңип алышты.
Чемпиондордун тизмеси:
23 килограмм салмак ченинде: Исмаил Наврузов ;
26 килограмм салмак ченинде: Абирхан Атабаев;
29 килограмм салмак ченинде: Нурэл Жумалиев;
32 килограмм салмак ченинде: Дастан Исаков;
35 килограмм салмак ченинде: Ильяс Абжалиев;
38 килограмм салмак ченинде: Темирлан Ырыспек уулу;
42 килограмм салмак ченинде: Даниел Сайфутдинов;
46 килограмм салмак ченинде: Бекжан Торокулов;
46 килограммдан жогору салмак ченинде: Артур Пан.