Америкалык актёр, кунг-фу жана каратэ боюнча искусство чебери Марк Дакаскос 1964-жылы 26-февралда АКШнын Гонолулу шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал "Жалаң күчтүүлөр" ("Только сильнейшие"), "Драйв" жана башка тасмаларындагы образы менен таанылган. Өткөн кылымдын 90-жылдарындагы Голливуд жылдызын дээрлик бардык боевик тасмаларынын жаратуучулары айланып өтө алышкан эмес.
6 жашында үй-бүлөсүндө чоң бурулуш болуп, атасы Альберт Дакаскос экинчи ирет Малиа Бернал менен турмуш курат. Марк 10 жашка чыкканда ата-энеси Германиянын Гамбург шаарына көчөт. Ал жактын жашоосу анчалык көңүлүнө жага бербейт. Кунг-фу боюнча эл аралык мелдештерге катышып, теңтуштары арасында сый-урматка ээ болот. Спорт дүйнөсүндөгү алгачкы жеңишти 9 жашында багынтып, уруштун жогорку кара курдун ээси болгон.
Спорттук карьерасын улантуу үчүн өгөй энесинин кеңеши менен Тайванга келет. Спортко башын байлап гана тим болбостон бий элементтерин камтыган спорттун түрүнө (капуэро) да кызыгуусу арта баштайт. 18 жашында ийгиликтерди багынта баштаганда өзүн кино тармагында сынап көрүп, ийгиликке жетет.
Спорттук дене түзүлүшү, сымбаттуу келбети менен көпчүлүктү суктандырган мырзаны режиссёрдун ассистенти байкап, сунуш жасайт. Тасмага тартылуу Маркка ырахат тартуулайт. Ал: "Бир жолу сүйлөшкөн кызым менен тамактануу үчүн ашканага баратканыбызда эки киши: "Тасмага тартылгыңыз келеби?" деп жолубузду бууп калышты. "Жок!" деп кесе сүйлөсөм, "Ойлонуп көрүңүзчү" дешти. Анда да өзүмдүкүн бербей "жок" дедим. Чорттугума карабай мага байланыш номерин карматып кетип калышты. Кечинде үйгө келип апама айтсам "эмнеге болбосун, өзүңдү сынап көр" деди", - деп эскерет.
Атак үчүн 7 жыл бою эпизоддордо роль жаратып, "Америкалык самурай" ("Американский самурай") тасмасына башкы каармандын образын жаратууга чакыруу алат. Ушул тасмадан кийин бир нече боевик тасмаларынын жылдызына айланат.
"Албетте, жаман мырзанын образын жаратуу алда канча кызык. Бирок мен оң каармандын ролунда гана болгум келет. Себеби көрөрмандар эпизоддук роль жаратса да оң каарманды баалашат. Мисалы, "Жалаң күчтүүлөр" ("Только сильнейшие") тасмасынан кийин мени жактыргандар көбөйсө, "Көчмөн" ("Кочевник") фильмин көргөндөр мени жактырбай баштаган", - дейт.
31 жашында "Ыйлаак адам өлтүргүч" ("Плачущий убийца") тасмасына тартылып жатып Жули Кондра аттуу актриса менен таанышып калат. Араларын жылуу сезимдер уяласа да, көпкө чейин турмуш курууну четке кагып жүрөт. Анткени үй-бүлөлүк баалуулукка маани берген актёр бала чагында атасынын сүйүү романдарына күбө болгон. Жули Кондра менен 20 жыл чогуу түтүн булаткан актёр түгөйүн тандоодо адашпаганын, бактылуу экенин айтып келет. Ортодо 2 уул жана бир кызы бар.
"Жан шеригимди жолуктура элегимде такыр үйлөнбөйм, балалуу болбойм деп ойлочумун. Анткени атамдын башка аялдарын, балдарын көрүп чоңойгом. Бирок Жулини көргөндө ички үнүм "ал мээримдүү эне, жакшы жар болот" деген. Баш ийдим, адашпадым. Ал дүйнөдөгү алмашкыс аялзаты. Жашоомдо андан башка аялды элестете албайм. Көп балалуу болгум келет", - деп никесин бекем кармап келет.
26-февралдын жылнаамасы.