Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов отставкага кетүү тууралуу арыз жазганы айтылууда. SUPER.KG порталы президенттик аппараттын басма сөз кызматына байланышканда, алар комментарий берүүдөн да баш тартты. "Бул боюнча маалыматыбыз жок", - деп жооп берди.
Эске салсак, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовду президенттик аппараттын башчылыгына 11-декабрда дайындаган.