Актёр жана режиссёр Кевин Смиттин жүрөк оорусу кармап, ооруканага жаткырылды

Кечээ, 26-февралда америкалык актёр, режиссёр жана продюсер Кевин Смит белгилүү телеберүүлөрдүн бирине тартылып жаткан учурда жүрөк оорусу кармап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, актёр шоу-берүүгө тартылып жаткан учурда жүрөк оорусу кармап, өзүн жаман сезе баштаган. Мындан улам берүүнү токтотууга туура келип, дароо ооруканага жеткирилген. Ал жактан көп убакыт өтпөй өзүнө келген актёр социалдык тармактагы баракчасына "биринчи шоу аяктаган соң экинчини жылдырып ооруканага келбесем, эртең мени тирүү көрбөй калмак экенсиңер" деген билдирүү жазып, ооруканада жаткан сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле учурда абалы турукташып калганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, актёр Кевин Смит "Эмини кубалоо", "Кызыл штат" жана башка бир нече кинолорго тартылып, айрымдарына продюсерлик кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kani-esen
2018-02-27 18:08:04
бир нече -эмес! Бир канча кинолорго тартылып - деп жазылат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан