Интернетте Миландагы мода жумалыгын шылдыңга алган өзгөчө флешмоб жайылууда. Тактап айтканда, аталган көргөзмөдө "Gucci" мода үйү тартуулаган топтомдор кызуу талкууга алынып, алардын ичинен мода үйүнүн креативдүү жетекчиси Алессандро Микеленин фантазиясына таандык адамдын башынан жасалгандай элес калтырган сумкалар көпчүлүктү таң калтырган. Учурда көптөгөн интернет колдонуучулардын аталган көргөзмөдөгү көрүнүштү туураган #GucciChallenge аталышындагы флешмоб жайылууда. Анда колдонуучулар артынан бир адамдын башын чыгарып же атайын программа аркылуу өздөрүнүн баштарын колуна кармап алгандай сүрөттөрдү жасап, социалдык тармактардагы баракчаларына жүктөшүүдө. Анда эмесе, сүрөттөр сүйлөсүн.
Интернеттеги сүрөттөр