Жаратылыш адамзатына дайыма күтүүсүз көрүнүштөрдү тартуулап келет. Бул жаңылыктар кээде адамды таң калтырса, кээде түйшүккө салат. Табияттын кызыктуу көрүнүштөрүнүн бири Жаңы Зеландияда пайда болгон, ал суу эмес, таштар аккан дарыя. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, февраль айынын аягында Жаңы Зеландияда "Гита" деген катуу бороон болуп өткөн. Катуу шамалдын жана жаан-чачындын кесепетинен көптөгөн имараттар, электр зымдары жабыр тарткан. Ал эми Кентербери түздүгүндө таштар жогорку ылдамдык менен суу сымал ага баштаган. Мындай агым 8 ферманы жакынкы шаар менен байланыштырган жолду бузуп кеткен. Геологдордун айтымында, бул таштар сырткы күчтөрдүн таасиринен улам кыймылга келген.