Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында былтыркы жылы мектептин курулушу башталган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, пайдубалы куюлуп башталганда эле тургундар нааразы болгон эле, себеби пайдубал стандартка жооп бербейт. "Курулушка миллиондогон каражаттар бөлүнгөн. Пайдубалда арматура жок. Ошондо чоңдор баары жакшы деп элдин оозун жаап коюшкан. Азыр эми пайдубал жарылып кетти, ага ким жооп берет, элдин сөзүң ким угат?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.