Маданияттын бир нече кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-февралда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков маданият кызматкерлерине Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгын тапшырып жатып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.
"Сиздерге сыйлык тапшырып жатканыма сыймыктануудамын. Ар бириңиздер өзүңүздөрдүн эмгегиңиздер, чыгармачылыгыңыздар менен Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытып жатасыздар", - деп билдирди Исаков.
Адабият, искусство жана архитектура жаатында сыйлык алгандар:
- Каныбек Жунушев, жазуучу - "Күн чубак" ырлар жыйнагы үчүн;
- Талант Огобаев, сүрөтчү - "Сүйүү космосу" картинасы үчүн;
- Садык Шер-Нияз, режиссёр, сценарист - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасы үчүн;
- Бакытбек Турдубаев, сценарист - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасына жазган сценарийи үчүн;
- Мурат Алиев, оператор - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасы үчүн;
- Назира Мамбетова, актриса - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасындагы ролу үчүн;
- Элина Абай кызы, актриса - "Курманжан датка" тарыхый-көркөм тасмасындагы ролу үчүн;
Сыйлыкка ээ болгон Жогорку Кеңештин депутаты, "Курманжан датка" фильминин режиссёру Садык Шер-Нияздын айтымында, өнөр адамдары үчүн Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктан өткөн бийик даражадагы сыйлык жок.
"Маданият кызматкерлеринин эмгегин баалап, өз убагында көңүл бургандарга ыраазычылык. Кыргыз эли дүйнө жүзүнө башка жагыбыздан тааныла албасак да, өзүбүздүн маданиятыбыз, каада-салтыбыз менен тааныла алабыз. Ал үчүн маданият кызматкерлерине өз убагында көңүл буруп, колдоо көрсөтүп туруу керек", - дейт эл өкүлү.