Америкалык "Apple" компаниясы 2018-жылы IPhone телефондорунун 3 жаңы моделин чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы моделдердин бири компаниянын тарыхындагы эң чоң диагоналдуу телефон болот. 1-модель iPhone X'дун жаңыртылган версиясы болсо, 3-модель бюджеттик версияда, арзан телефон боло турганы айтылды. Божомолдор боюнча, экраны чоң телефондун тышкы келбети iPhone 8 Plus'тукундай болуп, 2 сим-карталуу болот.
Ошондой эле бардык жаңы моделдер Face ID ээсинин жүзүн таанып иштей турган функциясы менен камсыздалса, экрандын өлчөмү телефондун жалпы бетин ээлейт. Жаңы телефон жана iPhone X'дун жаңыртылган версиясы алтын вариантында чыкса, бюджеттик версиядагы телефонду баасын арзандатуу үчүн тышкы келбетин жана дисплейди жеткиликтүү аналогдор менен алмаштырышат.
Алдын ала маалыматтар боюнча жаңы телефондор жөнүндө "Apple" компаниясы 2018-жылдын күз мезгилинде жар салат.