Бүгүн, 27-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Казакстандын КТК телеканалы 15-16-февраль күндөрү Кытай-Казак, Казак-Кыргыз, Казак-Өзбек чектеринде жүргүзүлгөн ири операцияда аткезчиликке, уюшкан кылмышка шектелип кармалгандар жөнүндө эфирден репортаж берди.
Репортажда Жогорку Кеӊештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу шериги Уланбек Мурадилов жана казак чек ара кызматынын өкүлү менен ресторанда отурган жеринен кармалгандыгы, кармоо учурунда Уланбек Мурадиловдун сумкасынан атайын белги коюлган 90 миӊ доллар табылганы айтылды. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул акчаны Мурадиловго чек арадан мыйзамсыз жүк өткөрүп бергени үчүн ишкерлердин бири берген. 5 мүнөттүк репортажда Асылбек уулунун Кыргыз жеринде депутат экени кайра-кайра эскертилип, Кыргыздын желеги кайра-кайра көрсөтүлдү.
Жогорку Кеӊештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков бул окуяда Казак тарапты сындоодо. "Тергөөнү жашыруун деп коюшуп, бирок өздөрүнө ылайык келген маалыматты жарыялап эле жатышат. Ушул маалыматтын баары тергөө бүткөн соң жарыяланса болмок", - дейт депутат. Дамирбек Асылбек уулу шектелип жаткан ишке Казакстандын Чек ара, Бажы кызматынын өкүлдөрү шериктеш катары кармалган, баш-аягы 35 адам учурда тергөөдөн өтүп жатканы белгилүү. Репортажда Дамирбек Асылбек уулу жана анын аялы Айсулуу Эрмек Казакстан жарандыгын алууга, атүгүл депутат туулган жерин, улутун “казак” деп өзгөртүүгө жетишкен деп айтылат. Ушул жерден суроо жаралат, депутат кайсы өлкөнүн жарандыгын мыйзамсыз алган, кайсы өлкөнүн паспортун мыйзамсыз алып жүрөт? Бул УКМК жана башка тийиштүү мамлекеттик органдар тактап чыга турган иш. Кош жарандыгы бар адамдын кандайча Жогорку Кеӊешке өткөрүлүп жиберилгендиги өзүнчө суроо.
Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз дейт. Депутаттын башка санаалаштары да Казак тараптын "Асылбек уулунун улуту казак, Казак жараны" деген билдирүүсүн “жалган” деп четке кагып жатышат. Буга жооп иретинде Казак тарап телеканалдар аркылуу “казак” деп бадырая жазылган документтерин бүтүндөй коомчулукка көрсөтүштү. Азырынча Кыргыз тарап Асылбек уулунун кыргыз экенинин далили деп депутаттын учурда Ысык-Көлдө жашаган ата-энесинин маегин мисал кылуу менен чектелүүдө. Депутаттын ата-энесинин Кыргыз жеринде жашашы, кыргызча сүйлөп маек бергени, "уулубуз кыргыз" дегени бул окуяда ынанымдуу маалымат эмес. Депутаттын атасы өзүнүн кыргыз деген метрикасын, апасынын да кыргыз деген метрикасын көрсөткөн жок. Өлкөнүн бедели, намысы түшүп жатканда мамлекеттин расмий органдары же кынтыксыз далил келтириши керек же жасалма документпи, контрабандабы, кайсы кылмыш болбосун ошол жакты изилдеп, чын болсо ушундай кемчилигибизди көрсөтүп бергени үчүн казактарга рахмат айтыш керек.
Кадимки кылмыш катары башталган окуя мамлекеттин улуттук коопсуздук маселесин козгоп токтоду. Кыргыздын жооптуу органдары Дамирбек Асылбек уулунун кыргыз экенине 100 пайыз ишенишсе, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн эбак жарыялап чыгышмак. Ал ишти ушуга чейин кылбай, үн катпай жатышат...
Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБине жаӊы химиялык цех курганы жатат. "Улуттук энергетикалык холдингдин" өкүлү Аман Калыбековдун айтымында, сууну тазалап берүүчү химиялык цех ЖЭБди жаӊылоого каралган 386 миллион доллардын эсебинен 5,5 миллион долларга курулат. Жаӊы цех кийинки жылытуу сезонуна даярдалмакчы.
2014-2017-жылдары ЖЭБдин үчтөн бир бөлүгү жаӊыланып, бирок жаӊыланган бөлүккө сууну тазалап берүүчү химиялык цех куруу иши долбоорго кирбей калган. Калыбеков айткандай, ал кезде ТВЕА Кыргыз тарапты эски цехтин абалы жакшы, ЖЭБдин жаӊыланган бөлүгүн тузсуз суу менен камсыздоого эски химблоктун күчү жетет деп ишендириптир. Чиновниктер ЖЭБди жаӊылоодо техникалык экономикалык негиздемеси жок туруп келишим Жогорку Кеӊештен шашылыш бекитилгенин, 386 миллион доллар кандай жумшалары ийне-жибине чейин такталбай туруп иш башталып кеткенин сөз кылгысы келишпейт. Дал ушул цех курулбай калганы үчүн 26-январда ЖЭБде авария болгондо Бишкекке жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпай калууга мүмкүн болгон жок. 5,5 миллион доллар аз сумма эмес, келерки кышта кайрадан суукта калбас үчүн акчанын өз дарегине, жабдыктардын реалдуу рыноктун баасында алынып жатабы, айтор көзөмөлдү күчөтүү керек.
26-февралда ЖЭБде болгон өндүрүштүк кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын колуна ТВЕАнын гранттык акчасына эмеректер кандай баада сатып алынганы боюнча документ келип тийди. Ага таянсак, "Электр станциялары" ишканасы 1 айланма кресло алууга 116 доллардан 203 долларга чейин акча жумшаган. Учурда 200 доллар 14 миӊ сомго жакын акча. 1 китеп салуучу шкаф 326 долларга, 1 отургуч 130 долларга сатып алынган. Бишкек ЖЭБине 110 айланма кресло, 115 китеп салуучу шкаф, 570 отургуч жана башкалар берилген. Көрүнүп тургандай, аталган эмеректер базар баасынан 4-5 эсеге кымбат көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде ЖЭБдин эшик-терезесиз калган имаратын кышка карата жылуулоого акча табылган жок. ЖЭБ авариясы көрсөткөндөй, Бишкек ЖЭБинин жаӊылана элек имаратынын терезелери талкаланып бүткөн, айтор ЖЭБ имаратынын өзү жылытууга муктаж абалда.
Өлкөгө грант катары келген каражаттарды өз максатына, ар бир тыйынына чейин туура жумшоо көзөмөлдөнүүгө тийиш. Учурда Бишкекте Кыргыз-Түрк достук ооруканасы курулушу бүтүп, ишке берүү алдында турат. Түркиянын гранттык каражатына курулган бул оорукана Борбордук Азияда жок заманбап эмкана болору айтылган. Маалыматка таянсак, оорукананы 3 жыл эки өлкө биргеликте башкарып, 3 жылдан кийин башкарууну Кыргыз тарап өзүнө алат. Бул аралыкта Түркия тарап анда иштеген кызматкерлердин маянасына 19 миллион доллар бөлүп бермекчи. Жыл сайын 20 дарыгер жана 5 мектеп бүтүрүүчүсү гранттык негизде Түркиядан окутулат. Бул жардам дагы жеке кызыкчылыктарга иштебеши үчүн катуу көзөмөл керек...