Бишкек шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттешинде кыргыз спортчусу өзбекстандык спортчуга жеңилип калды. Анда кыргыз балбаны Урмат Аматов өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында кыргыз балбаны 0:8 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен 63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Аматов күмүш медалды тагынып, Кыргыз капчыгына 2-медалды алып келди.
Айта кетсек, Урмат Аматовдун атаандашы Элмурат Тасмурадов Азиянын 3 жолку чемпиону, “Рио-2016” Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. Буга чейин 31-жолу өткөрүлүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 1-күмүш медалды Жоламан Шаршенбеков жеңгени маалымдалган. Ал грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттешке чыгып, япониялык спортчудан жеңилип калган.
Күрөш боюнча Азия чемпиондугу бүгүн, 27-февралда старт алды. Анда үй ээлеринин балбандары менен 18 өлкөдөн келген спортчулар 30 медаль топтомдору үчүн күч сынашат. Спорттук мелдештин ачылыш аземи Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында салтанаттуу өттү.