Ош шаардык сотунун судьясы 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Ош шаардык сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. 11-июнда УКМКнын Ош шаардык башкармалыгына шаардын бир жараны кайрылып, шаардык соттун судьясы атасынын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүү үчүн 15 миң сом талап кылып жатканын айткан. Мындан кийин ыкчам чара көрүлүп, судья аталган сумманы алып жаткан учурда кармалды. Ош облустук прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Миллиондорду алып жаткандарды да кармагыла,ошондо ушуга окшогондор да азаймак...Бироонун аран тапканын бир ручканын сыясына тенегендер Аллах Тааланын алдында кантип жооп берет экенсинер...
0
mayoral
2013-06-13 15:10:38
Паракорлордон качан тазаланабыз?
0
tabyshmak
2013-06-13 20:26:04
Кыззык!.. Арандан-аран мээнет кылып, ак эмгек менен 15 000 сом пара алса, ошону да кармап алышат... (тамаша)
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.