АКШда 4 жаштагы кыз уктамыш болуп жатып, өз өмүрүн сактап калган

АКШда 4 жаштагы кыз уктамыш болуп, өз өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя АКШнын Миссури штатына караштуу Сент-Луис шаарынын четинде орун алган.

"Аталган шаардын 31 жаштагы тургуну Дорнубари Дугбор жубайы Катрина Бэнкс жана анын биринчи турмушунан 15 жаштагы уулу Кэвинди атып салган. Кичинекей кыз куралдан чыккан үндү угуп бөлмөсүнөн чыгып жакындарынын жансыз денесин көрүп калган. Ал учурда атасы кызды кайра бөлмөгө кирүүгө буйрук берген. Кыз уктоочу бөлмөсүнө кирип, уктамыш болуп жатып алган. Андан кийин Дугбор Дорнубари полицияга коңгуроо чалып үйдүн дарегин айтып, ал жерде 3 жансыз денени таба турганын билдирген. Андан соң курал менен өзүн атып салган. Полиция кызматкерлери айтылган дарек боюнча барышканда, эшик ачык болгону жана уктоочу бөлмөдө кичинекей кыз дагы деле уктамыш болуп жаткан" , - деп жазылат басылмада.

Ошондой эле чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, учурда кылмыштын себептери такталууда. Ал эми кичинекей кыз туугандарынын карамагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ekaterinburg
2018-02-28 09:29:31
Байкуш кыз...Элестетип кеттим.Журогу тушуп калды го(((
+8
KRIMINAL
2018-02-28 09:43:37
Уктамыш болбосо деле өлтүрбөсө керек эле. АЛЛАХЫМ эл-журтту бөөдө кырсыктан сактасын.
+1
aman0296
2018-02-28 12:37:36
KRIMINAL,олтурбой эле, болмого бар дептир го
+3
Soni130587
2018-02-28 10:15:33
Бир сонун уй-було экенго.
+3
pat12
2018-02-28 11:03:00
Акылдуу кыз экен
+2
Baku88
2018-02-28 12:29:29
Жин тийген неме го
+2
vikidiki
2018-02-28 18:28:14
кудай сактай кор. Кандай сокку болду эми наристеге. Унута алса экен эми ушул кундорду
+1
karakulja
2018-02-28 23:25:13
Мунун баарына зына куноолу болсо керек
-2
omke.85
2018-03-01 02:46:38
Америка акырындап жок болот ушинтип бирин этин бири жеп канча адамдын канын агызды бей куноо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан