ЖЫЛНААМА, 28-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева туулган

Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштардагы депутаты Айнуру Алтыбаева 1958-жылы 28-февралда Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономика адистиги боюнча, 1998-жылы ошол эле жогорку окуу жайын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

1979-1997-жылдары Ош облусунун аткаруу комитетинде ар кыл кызматтарда иштеген.

1997-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип, 2006-2007-жылдары "Ата ЛТД" ЖЧКсынын директору болгон.

2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультанты, ал эми 2010-жылы "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы жана "Биримдик" Кыргызстан демократиялык партиясынын төрайымы болуп шайланган.

2010-жылдын октябрь айында "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2012-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы болгон.

2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

28-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан