Америкалык актриса Барбара Стрейзанд өлгөн итинин клонун багууда

Америкалык ырчы, актриса, продюсер жана коомдук активист Барбара Стрейзанд учурда өлгөн итинин 2 клонун багып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, анын жаңы эки итинин сырткы көрүнүшү мурунку итине куюп койгондой окшош. Тактап айтканда, актрисанын Саманта деген итинин өлгөнүнө бир жыл болгон. Анын породасы котон-де-тулеар. Ити 14 жашка чыкканда анын клонун жасоо үчүн ашказанынан клетка алынып, 2 клону жасалган. Алар - Мисс Скарлетт жана Мисс Вайолет. Актриса иттерине кадимкидей кийим кийгизип, сейилдөөгө чыкканда гүлдүү каргысын тагат.

Белгилей кетсек, котон-де-тулеар породасындагы иттер тукумунун мекени - Мадагаскар аралы. Мындай породадагы иттер кичинекей келишет. Жүнү ак, жумшак анан да оюнкараак, акылдуу, кыймылдуу болушат. Алар 14-16 жыл жашап, салмагы 4-6 килограммды түзөт.

Актриса Барбара Стрейзанд өлгөн итинин клонун багууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KRIMINAL
2018-02-28 09:45:47
Мен түшүнбөй калдым(
Жалпак тил менен жазгылачы!
+2
Jelezo
2018-02-28 10:29:09
Өлгөн итинин клеткасынан алынып көчүрмөсү жасалган бир итти клоундаштыруу жүз миң доллар ошондо эки итти эки жүзмиңге жасатыптырда каап биздин депутаттарга кресло алып берсе болмок экен отургандан уялып жатышат
+3
Matahara1980
2018-03-01 23:01:49
Jelezo,
0
Baiana
2018-02-28 10:44:27
Сөз жок!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан