Талас дарыясынан бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул боюнча ӨКМнын Талас облусундагы башкармалыгынын өкүлү Марс Бейшекеев билдирди. Айтымында, 12-июнь күнү табылган жаран Талас шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Малабек Шаршенкулов экендиги белгилүү болду. Учурда кырсыктын келип чыгышын иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.