Жакында ырчылар Данияр Эрматов менен Эдил Маматов айымдардын жаз майрамына карата Орусияга концерт коюп барышмакчы. Бул гастролдук сапары тууралуу ырчылар жарнамалык ролик даярдашкан. Анда Данияр Эрматовго карата "жылдыздын жылдызы" деген баа берилген. Роликти кыргыздын аттуу-баштуу адамдары, ырчылары, аранжировкачылар, музыканттар "жылдыздын жылдызы деген наамды кайдан алсак болот? Кандай түшүнөбүз?" деген суроолордун негизинде талкуулашты.
Талкуу чордонунда калган Данияр "мен бир сүйлөйм, "жылдыздын жылдызы" деген мыкты ырчы деген эле маани. Мен 2013-жылдан бери жылдыздын жылдызы болуп келе жатам" деген жоопторун кайтарууда.
"2013-жылы жеке концертимди бергем. Ал учурда продюсер Канат Кадыржан менен иштешчүмүн. Концертке жарнама жасатуу учурунда Канат байке "жарнаманын өзгөчөлүгү болуш керек, "жылдыздын жылдызы" деп кошолу" деп сунуштап калды. Мен алгач укканда башкача кабыл алып, өзүмдү ыңгайсыз сезгем. Көрсө, туура эле сөз тандалыптыр. Мен аны кечээ эже-агаларымдын айткандарынан улам билдим.
Аталган жарнаманы Инстаграмдагы баракчама да илгем. Аны 20 миңден ашык окурман көрдү. Бирок биринен дагы "сен жылдызсыңбы? Сен кимсиң? Эмне деген жарнама?" деген сыяктуу кептер чыккан жок. Жүздөн ашуун комментарийде "азаматсың, алга, ийгилик" деген сыяктуу адамдын көңүлүн көтөргөн сөздөр айтылган. Өзүм тааныган, сыйлаган агаларымдын сөздөрүнө капа болдум.
"Жылдыздын жылдызы" деген баага чейин наам алгыла дешти. 2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгисин алгам. Баары акырындан болот, аракет кылып иштеп жатабыз деген мааниде төш белгимди да сүрөткө тартып киргиздим.
Мисалы, ырчыларга карата күйөрмандардын эркеси, ырчылардын сулуусу деген сыяктуу сөздөр көп эле айтылып жүрөт. "Жылдыздын жылдызы" деген кепти аты чыгып калган, жылдызы жанып турган адамдардын арасындагы жөнөкөйү, кичи пейили, адамгерчиликтүүсү деп түшүнөм. Бул жерде ырчылардын мыктысы деген эч кандай маани да, ой да жок.
Байкелериме, эжелериме жакын адам катары таарындым. Кээ бир учурда жөнөкөйлүгүмдүн, адамгерчиликтүүлүгүмдүн да зыянын тартып калат экенмин", - дейт Эрматов.
Ырчынын ырларын шөкөттөө - чоң эмгек. Учурдагы ырчылардын көбүнүн ырына аранжировка жасап жүргөн аранжировкачы Мирлан Ниязов "жылдыздын жылдызы" деп айткандын өзү туура эмес дейт.
"Билбейм ким кандай ойлойт, бирок "жылдыздын жылдызы" деп айткандын өзү туура эмес. Чыныгы жылдыздар антип айтпашы керек. Канчалаган мен-мен деген дүйнө жылдыздары дагы өзү жөнүндө антип айтышкан эмес.
Азыркы жаш ырчыларга айтарым, мейли "жылдыздын жылдызы" бол, бирок улууларды бир аз сыйлап жүр демекчимин. Анча-мынча тамашаны көтөрүп дегендей. Аларды эч ким жаман деп айткан жери жок. Жакшы жигиттер, болгону анча-мынча дөөлөттү көтөрө билишсе анан жылдыз боло беришет", - дейт аранжировкачы.
Талкууда өз оюн билдирген ырчылардын арасында Өктөм Сапар уулу да бар. Ырчы талкуу тууралуу оюн төмөндөгүчө билдирди.
"Адамды, тагыраагы, ырчыны тааныштыруу максатында өзгөчө бир сөз кошуп айтуу - жарнактын бир өзгөчөлүгү. Ырчынын өзүн-өзү сыпаттаганы, наам ыйгарганы туура эмес. Жылдыз болуп турган күндө да өзүнө-өзү мындай баа бербеши керек болчу. Данияр элдин өзүн колдоп жаткан видеосун чыгарды. Эл антип бир гана Даниярды тоспойт, билишимче, Нурлан Насипти, Нурмат Садыровду деле ошентип тосот.
Мен өзүмө-өзүм эч кандай баа бере албайм. Кээде адам деген атка татыктуумунбу деп ойлоп коркуп да кетем. Жылдыз эмес, адам болуш мен үчүн кыйын. Балким, бул менин алдыга жулунбаган сапатымдан болсо керек. Кээ бир адамдар мактап же "Өктөм биздин жылдыз" деп коюшса өзүмдү ыңгайсыз сезип, отурган жериме батпай кетем", - дейт ырчы.
Кыргыз шоу-бизнесинин казанында бир топ жылдан бери кайнап, ысык-суугун көрүп, өзүнүн маңыздуу ырлары, кайталгыс үнү менен эл алкышына татыган Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганованы да сөзгө тарттык.
"Чынында азыр демократия. Ырчы өзүн кандай баалайт, кандай жарнамалайт өзү билет. Жарнамада айтылган сөздөрдүн маани-маңызынын жоопкерчилиги да өзүндө.
Ырчылар, баарыбыз эле концерт алдында жарнама кетиребиз. Ошондо мага кандай сөз жарашат деп ойлонобуз. Жеке мен жылдыздын жылдызы, мега жылдыз, супер жылдыз деп өзүмдү өзүм жарнамалоодон уялам. Ал бааны эл бериш керек. Кээде концерттерде алып баруучулар "примадонна, сахна ханышасы" деп чакырып калышат. Мен муну элдин баасы деп кабыл алып, сүйүнүп калам.
Социалдык баракчаларыма пост жазсам же жаңы чыгармамды илсем окурмандар жакшы ойлорун жазышат. Эмгегимди баалап, жакшы ниеттерин билдиришет. Мындай сөздөр ырчыга кадимкидей дем берет", - дейт ырчы айым.
Өлкөдө жүргүзүлгөн көрнөк-жарнактарды, роликтерди көзөмөлдөөчү атайын мекеме бар. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жарнак бөлүмүнүн башчысы Назина Алыкулова төмөндөгүдөй пикирин айтты.
"Ырчылар товарын сатышпайт. Алар кызмат көрсөтүшөт. Эгер берилген жарнамада бирөөнү кемсинтүү, жамандоо же көрө албастык, атаандыштык билинсе анда мыйзамдын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлөт. Кемсинтүүгө, жамандоого кабылган адам бизге арыз менен кайрылууга тийиш.
Арыздын негизинде жарнак таратуучу жарнактагы сөздөргө татыктуубу, наамы барбы, ал наамды ким берген, факт менен документтер аркылуу аныктайбыз", - деди Алыкулова.