Түркмөнстандын Түркменабат шаарында жайгашкан жаңы аэропорт "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов 26-февралда Түркменабат шаарында жайгашкан эл аралык аэропортту расмий түрдө ачкан. Бул иш-чарада "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлү Шейда Субаши-Гемиджи "Türkmenhowaýollary" уюмунун жетекчиси Довран Сабуровго "Огуз Хандын жылдызын чагылдырган уникалдуу архитектуралык курулуш" деген "Гиннесстин рекорддор китебинин" сертификатын тапшырган. Аталган аэропорттун аймагы 600 гектар, ал эми жүргүнчүлөр терминалынын имаратынын аянты 37 миң чарчы метрди түзгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин "Гиннесстин рекорддор китебине" Ашхабаддагы эл аралык аэропорттун чатырында дүйнө жүзүндөгү эң чоң оюу түшүрүлгөндүгү катталган. Ал оюунун аянты 705 чарчы метрди түзгөн.