Францияда чиновниктер үйү жок адамдарга жакын болуп, коомчулуктун көңүлүн аларга буруу үчүн көчөдө укташат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Францияда 50гө жакын чиновник туруктуу жашаган жери жок адамдар менен чогуу көчөдө бир түн бою укташат. Бул акциянын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн үйү жок адамдарга буруу. Мындай демилгени Париж шаарынын мэринин орун басары Эсон Мама Си социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
"Өткөн жылы Францияда жалпы 500 адам туруктуу жашаганга жери жок болгондуктан тоңуп өлүшкөн. Ал эми 2018-жылдан бери Парижде гана 13 адам каза болду. Мындан улам 50гө жакын чиновник сыртта, Аустерлиц бекетинин жанында бир түн уктап көрүшөт", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, февраль айынын ортосунда Парижде "Тилектештик түн" аталышындагы акция өткөн. Анда туруктуу жашай турган жери жок адамдарды тизмеге алышкан. Уюштуруучулардын билдиргенине ылайык, өлкөнүн борборунда жалпы 5 миңден ашуун адам көчөлөрдө жашайт. Алардын жарымынан көбү кыш мезгилинде атайын уюштурулган жайларга барып укташса, калганы суук аба ырайына карабай эшикте күн кечиришет.