Америкалык 204 килограмм салмактагы Аркадио дел Валле учурда белгилүү моделдердин бири. 30 жаштагы мырза ХХХХХХL өлчөмүндөгү кийимдерди кийип сүрөттөргө түшүүдөн тартынбайт.
Ал бир кезде ашыкча салмагынан уялып жүргөнүн жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде айткан. Бирок стандартка туура келбеген сырткы келбет менен модель болууга мүмкүн экенин түшүнгөн. Ал 2015-жылы жарым жылаңач сүрөттөрү менен социалдык тармактарга бөлүшө баштайт. Анын ачык сүрөттөрүн "VOLARE" кийимдер брендинин өкүлдөрү байкап калып, фотосессияга чакырат.
Аркадио моделдер дүйнөсүндө 3 ирет чоң масштабдагы көргөзмөлөргө катышкан.
"Подиумга чыкканда жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй болду. Модель катары көргөзмөгө чыкканымда мени бир тууган эжем колдоп отурду. Анын колдоосу мага сыймык болду. Бул көргөзмө менин жашоомдогу урунттуу учурлардын бири болгон. 3 жыл мурда өзүмө такыр ишенген эмесмин. Менин сырткы келбетимди, салмагымды, ал тургай макияжымды сындашчу. Мени ашыкча салмакты пропаганада кылып жатат дешчү. Бирок менин максатым - кандай болсоң өзүңдү ошондой кабыл алуу жана өзүңө болгон ишенимди жоготпоо", - деген ал.
Бирок модель болуу - анын негизги кесиби эмес. "Бул жөн гана хоббим" дейт ал.