Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде ырчы Малика Динанын маеги башталат. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы Малика Дина карьерасын кичинекей кезинен эле баштаган. Алгач сахнага бийчи катары чыга баштаса, кийинчерээк ырчылыкка киришкен. Ырчы жакында эле "Айтчы себебин" деген ырынын клибинин бет ачарын өткөргөн. Аталган клипке казак актёру Еркебулан Токтар катышкан.
Малика Динага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:00 Ырчы Малика Дина SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигүүдө.
15:30 Малика Динанын Түз эфирдеги маеги башталды. Ырчы кечигип калуусуна жолдогу унаа тыгыны себеп болгонун айтып берди.
Суроо: "Малика,14-февралды Алматы шаарында тосконуңду көрүп калдык, сыр болбосо ким менен тостуң?"
Жооп: "Сыр эмес, Алматыда досторум көп. Ошолор менен чогуу тостум. Алардын арасында казак актёру Еркебулан Токтар да болду".
15:38 Окурмандын "кызың бала бакчага барабы?" деген суроосуна, "кызым бала бакчага барбайт, аны апам тарбиялайт. Менимче, апамдан тарбия алганы алда канча жакшыраак" деп жооп берди.
15:41 Ырчы казак актёру Еркебулан Токтар менен жакшы дос экендигин, экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси жоктугун айтты.
15:43 "Кызыңдын атасы аны көргөнгө келип турабы жана ага каржы жактан жардам берип турабы?" деген суроого, "жок, келбейт жана каржы жагынан жардамдашпайт. Кызым "папа" деп атасын издеп турат", - деп жооп берди.
15:45 "Азыр көпчүлүк адамдар жарандык никеде жашаганы менен, ортолорунда нике бар. Сөзсүз түрдө чоң той берүүнүн кажети жок, эң негизгиси эки тараптын тең жакындары колдоп, никеге туруу зарыл", - дейт ырчы жарандык нике тууралуу.
15:47 Окурмандын "Турмушка чыгып ажырашкан туурабы же сүйүктүүңдү жолуктурганга чейин күйөөгө тийбей турган жакшыбы?" деген суроосуна, "Албетте, күтүү туура. Себеби "бул ажырашкан кыз" деген сөздөн көрө, "и-ий, ушул кызды турмушка бериш керек эле" деген сөз артык", - деп жооп берди.
15:50 Ырчы алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.
15:54 "Мен кичинемден бери балдар менен көбүрөөк достошуп келем. Андыктан досторумдун арасында кыздардын саны аз", - дейт ырчы.
15:55 "Чынын айтсам кызымдын шоу-чөйрөсүнө аралашуусун эмес, офисте отуруп иштеген кызматкер болуусун каалайм. Бирок өзүнүн каалоосу болсо, чек коюуга укугум жок", - деди ырчы.
15:57 "Мен бой жеткендиктен апам экөөбүз эки бөлөк жашоону чечкенбиз. Бирок жашаган жерибиздин аралыгы 5-6 эле көчө. Кызым 15 күн менде, 15 күн апамда болот", - дейт Малика Дина.
16:00 Суроо: "Шайыр Касымалиеванын кызы, аталаш эжеңиз Мээрим менен катташасызбы?"
Жооп: "Ооба, кичинемден бери катташып келем. Мамилебиз абдан жакшы. Мүнөзүбүз да окшош, дайыма сырдашып турабыз. Ал эми өзүмдүн бир тууган эжем Мэри Дина өтө эле токтоо, ал экөөбүздүн мүнөзүбүз таптакыр окшошпойт".
16:04 Суроо: "Келечектеги жолдошуң кандай болуусун каалайсың?"
Жооп: "Албетте, мен дагы бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагым келет. Келечектеги жолдошум мени түшүнгөн инсан болуусун каалайм. Себеби бири-бирин түшүнбөгөн адамдар чогуу болушса, баары бир жашап кете алышпайт экен. Учурда мени түшүнгөн жүрөгүмдүн ээси бар. Качан турмушка чыга турганымды убакыт көрсөтөт".
16:08 "Чет өлкөлүк кароо-сынактарга катышууга оюң барбы?" деген суроого, "Пландарым өтө чоң. Азыр продюсерим менен бул жөнүндө ойлонуп жүрөбүз. Буюрса, ал күн да алыс эмес", - деп жооп берди.
16:12 Ырчы өзүнө жаккан суроо жазган окурманга белегин таштап, жалпы окурмандарга арнап "Жаным" чыгармасын аткарып берди.
16:15 Ырчы Малика Динанын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.